№166 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктөрдүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,20,21-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктөрдүн жана календардын тексттери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлдөрү ушул токтомду участкалык шайлоо комиссияларга эске алуу үчүн жеткирсин. 

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 ТӨРАГА                                                             Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2017-жылдын 19-июну 

№ 166