№287 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Токтайым Джумаковна Уметалиеванын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер Т.Дж. Уметалиеванын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 1,2,3,4,5-бөлүктөрүн “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Дж. Уметалиеванын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнүлөр катталсын:

-Бегалиев Максат Мурзабекович;

-Султанкулова Айгуль Узбековна.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер
Т.Дж. Уметалиеванын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Бавланкулова Лайлахан Норузбековна катталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.Дж. Уметалиеванын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 27-июлу
№ 287