№301 Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 23-июнундагы “Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө” № 8/1 чечимин бекитүү жөнүндө

Ички миграцияга байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө Бишкек шаарында туруктуу жашаган орду боюнча каттоосу жок жарандарга, жана ошондой эле добуш берүү күнү катталган орду боюнча добуш берүүгө мүмкүнчүлүгү жок жарандарга шайлоого катышуу шарттарды камсыз кылуу максатында “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3,7 жана 20-беренелерине ылайык, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарынын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 13, 15 беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-июнундагы №177 токтому менен бекитилген “Шайлоо участокторунун чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө” нускамага ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы     

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 23-июнундагы “Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө” № 8/1 чечими бекитилсин.
2. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы кошумча шайлоо участокторунун курамдарын түзсүн.  
3. Бишкек шаарынын мэриясы 2017-жылдын  10-августуна чейин кошумча шайлоо участкаларын жайгаштыруу үчүн жайларды бөлүп берүүгө, аларды үзгүлтүксүз электро энергия, байланыш каражаттар, материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылууга көмөк көрсөтсүн.
4. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте жарандардын шайлоо укугун жүзөгө ашыруу максатында кошумча шайлоо участокторун ачуу мүмкүнчүлүгүн карасын. 
5. Бул  токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.     
6. Бул  токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.     

ТӨРАГА                                                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 31- июлу
№301