18.06.2021 № 512 2021-жылы 14-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ак-Булуң жана Ак-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекит
2021-жылы 14-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ак-Булуң жана Ак-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 26-майындагы №332 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ак-Булуң жана Ак-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Ботоев Талайбек Кычиевич, Исаматова Айзат Тыныбековна катталган. Талапкерлер Ак-Булуң айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Түп аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу менен Ак-Булуң айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, Т. К. Ботоев - 6 добуш, А. Т. Исаматова – 5 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Түп аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу менен Ботоев Талайбек Кычиевич Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ак-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Исраилов Нурлан Муратбекович катталган. Талапкер Ак-Булак айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Түп аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу менен Ак-Булак айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, Н. М. Исраилов – 5 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Түп аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу менен Исраилов Нурлан Муратбекович Ак-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ысык-Көл облусунун Түп Ак-Булуң жана Ак-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 14-июнундагы Түп аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Булуң жана Ак-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Түп районунун 2021-жылы 14-июнунда өткөрүлгөн Ак-Булуң жана Ак-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Түп аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ак-Булуң жана Ак-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Ботоев Талайбек Кычиевич облусунун Түп районунун Ак-Булун айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Исраилов Нурлан Муратбекович Ысык-Көл облусунун Түп районунун Ак-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Түп аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Ак-Булуң жана Ак-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 18-июну
№ 512