№261 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календа

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын   7-беренесин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 6-бөлүгүн, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешин таркатуу жанамөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 19-июлундагы ПЖ №131Жарлыгы менен дайындалганКыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурдашайлоону уюштурууну даярдоо жана өткөрүү максатында,Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
 

ТОКТОМ КЫЛАТ:


1. 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планы бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн. 

Төраганын орун басары                        А. Бекматов

Бишкек ш, 2017-жылдын 21-июлу
№261