Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 10-майындагы № 27/26 чечими менен «Жылкелди» 10 мандаттуу шайлоо округу боюнча: Бектуров Т.К., Кадыров М.С., Нуржанов Ж.Т., Ак-Таш» 9 мандаттуу шайлоо округу боюнча: Кадыров Т.А., Казыбекова Р.К., Касымбаев А.А., Насиров К.Р., «Барак» 2 мандаттуу шайлоо округу боюнча Камалов А.К. депутаттыкка талапкер болуп катталган, алардын аракеттери Ак-Таш айылдык кеңешин мөөнөтүнөн мурда таркатууга алып келген.
«Мөөнөтүнөн мурда таркатылган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүктөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-апрелиндеги № 59 токтомунун негизинде жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1, 2, 10-пункттарына, 2-бөлүктүн 4, 5-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жылкелди» 10 мандаттуу шайлоо округу боюнча: Бектуров Тыныч Кочкоровичти, Кадыров Мирбек Садыровичти, Нуржанов Женишбек Тургуновичти, «Ак-Таш» 9 мандаттуу шайлоо округу боюнча: Кадыров Талайбек Акимовичти, Казыбекова Рабия Козуевнаны, Касымбаев Артыкбай Адиевичти, Насиров Капар Рахманалиевичти, «Барак» 2 мандаттуу шайлоо округу боюнча Камалов Абдыбап Кадырмаматовичти депутаттыкка талапкер кылып каттоо жагынан Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 10-майындагы № 27/26 чечими жокко чыгарылсын.
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 15-майы
№ 78