№286 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Камчыбек Кыдыршаевич Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна “Ата-Журт” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн талапкер К.К. Ташиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 1,2,3,4,5-бөлүктөрүн “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиевдин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:
-Казакбаев Тагайбек Сапарбекович;
-Жээнбеков Жакып Камытович;
-Нышанов Джайлообай Данибаевич;
-Эркебаев Шукурбек Мамазакирович.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер К.К. Ташиевдин катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 27-июлу
№286