№ 213 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.А. Султанбекованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына                   Ч.А. Султанбекованы дайындоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 11-ноябрындагы № 250 Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин   3-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 6-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна,               2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмеси боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Султанбекова Чолпон Аалыевнанын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Султанбекова Чолпон Аалыевнанын күбөлүгү 2016-жылдын 15-ноябрынан тартып жараксыз деп эсептелинсин.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 15-ноябры

№ 213