№ 135 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым айма

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Жалал-Абад, Нарын, Аламүдүн, Жайыл жана Кемин аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Жалал-Абад, Нарын, Аламүдүн, Жайыл жана Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийин турган талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу токтомдорунун 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер боюнча бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп табылсын.

3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.

4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                               Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

     

Бишкек ш., 2016-жылдын 11-августу

№135

Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2016-жылдын 11-августундагы

№ 135 токтомунун 1-тиркемеси

 

 

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган

жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси 

 

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А.

Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби

Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад шаары

 

Жалал-Абад шаардык

Жакыпов Уларбек Абдуллаевич (“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы)

Өз арызы

№152,

15.12.2012-ж.

Нарын облусу 

Нарын шаары

 

Нарын шаардык

Мамырбаев Жумабек Рыскулович (“Мекен ынтымагы” саясий партиясы)

Өз арызы

№133,

28.07.2016-ж.

Чүй облусу

Аламүдүн району

 

Кара-Жыгач айылдык

Абдракманова Анаркул Аскаровна

Өз арызы

№157,

15.12.2012-ж.

 

Таш-Дөбө айылдык

Омеркулов Туратбек Сарылбекович

Өз арызы

Жайыл району 

 

Кара-Балта шаардык

Пономарев Евгений Анатольевич (“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы)

Өз арызы

№157,

15.12.2012-ж.

Кемин району

 

Ак-Түз айылдык

Кадыркулова Малика Кудайбергеновна

Өз арызы

№157,

15.12.2012-ж.

  Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2016-жылдын 11- августундагы

№ 135 токтомунун 2-тиркемеси

 

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси

 

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж.

Ээлеген кызматы, кызмат орду

Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими

Жалал-Абад облусу 

Жалал-Абад шаары

 

Жалал-Абад шаардык

Ирсалиев Арапбай Мурзараимович (“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы)

“Энерго-Курулуш” ЖЧК, директор

№8, 1.08.2016-ж.

Нарын облусу 

Нарын шаары

 

Нарын шаардык

Сияев Таштанбек Монолдорович (“Мекен ынтымагы” саясий партиясы)

Нарын мамлекеттик университети, кафедра башчы

№4,

13.06.2016-ж.

Чүй облусу

Аламүдүн району

 

Кара-Жыгач айылдык

Тобокелов Мелис Сакайович

Убактылуу иштебейт

№10,

14.05.2016-ж.

 

Таш-Дөбө айылдык

Чапанидзе Ансар Сервентович

Убактылуу иштебейт

№15,

28.07.2016-ж.

Жайыл району 
 

Кара-Балта шаардык

Исраилов Балкабек Сыдыкбекович (“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы)

“Антистигма” коомдук фонду, юрист

№7,

1.08.2016-ж.

Кемин району

 

Ак-Түз айылдык

Метеров Асылбек

Убактылуу иштебейт

№12,

8.08.2016-ж.