№72 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке, Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн, Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 15-майындагы №3/11 буйругу менен Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Арунов Эркебек Бексултанович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Ош облусунун Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 16-майындагы №118-б-“а” буйругу менен Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Абдуллаев Санжарбек Акбаралиевич, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Ош облусунун Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 17-майындагы №175 буйругу менен Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Айсаев Бурканбек Асанбекович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Жалал-Абад облусунун Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 21-майындагы №59-к буйругу менен С. Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы Шералиев Шухратилла Жунусалиевич, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр-Аке, Ош облусунун Араван районунун Төө-Моюн, Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 14-июнуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2.Ысык-Көл, Араван, Кара-Кулжа жана Сузак аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3.Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА               Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 27-майы
№72