№ 40 2017-жылдын 23, 24, 25, 26, 27, 30, 31- январында жана 1, 2, 3, 4, 6, 8, 9,10-февралында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоону

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 10-январындагы № 7, 14-январындагы № 10,  18-январындагы № 13, 23-январындагы №15, 27-январындагы № 19, 30-январындагы № 25 токтомдору менен дайындалган Чүй облусунун Сокулук районунун Шопоков, Ысык-Ата районунун Кант шаарларынын мэрлерин, Сокулук районунун Жаңы-Пахта, Жаңы-Жер, Асылбаш, Биринчи май, Военно-Антоновка, Күн-Туу, Панфилов районунун Фрунзе, Москва районунун Петровка, Ак-Суу, Предтеченка, Сретенка, Чапаев, Целинный, Беш-Терек, Биринчи май, Садовский, Чүй районунун Ак-Бешим, Ибраимов, Кош-Коргон, Он бир-Жылга, Сайлык, Искра, Шамшы, Бурана, Ысык-Ата районунун Кең-Булуң, Ивановка, Юрьевка, Нурманбет, Бирдик, Узун-Кыр, Люксембург, Сын-Таш, Красная речка, Жээк, Ысык-Ата, Логвиненко, Туз, Кочкорбаев, Ак-Кудук; Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Суумсар, Аксы районунун Жаңы-Жол; Баткен облусунун Баткен районунун Кыштут; Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман, Чоң-Алай районунун Чоң-Алай, Алай районунун Сары-Таш; Нарын облусунун Жумгал районунун Жаңы-Арык; Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Даркан, Саруу, Ысык-Көл  районунун Тамчы, Абдрахманов, Ананьево, Ак-Суу районунун Жыргалан, Түп районунун Арал, Ак-Булуң, Ак-Булак, Кудургу, Сары-Булак, Санташ, Талды-Суу, Ысык-Көл, Карасаев, Чоң-Таш, Тогуз-Булак, Түп айыл өкмөттөрүнүн башчыларын 2017-жылдын  23, 24, 25, 26, 27, 30, 31-январында жана 1, 2, 3, 4, 6, 8, 9, 10-февралында өткөрүлгөн шайлоо боюнча Сокулук, Панфилов, Москва, Чүй, Ысык-Ата, Чаткал, Аксы, Баткен, Кара-Суу, Чоң-Алай, Алай, Жумгал, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Ак-Суу, Түп аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43, 49-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркемеде көрсөтүлгөн 2017-жылдын 23, 24, 25, 26, 27, 30, 31-январында жана 1, 2, 3, 4, 6, 8, 9, 10-февралында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

 2. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн  жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

 3. Тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп табылсын (тиркелет).

 4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

 5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

                                                

Бишкек ш., 2017-жылдын 13 - февралы 

№ 40