Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын “Республика” саясий партисынын тизмеси боюнча өткөн Жогорку Кеңештин катталган депутаты А.Р.Иминовдон анын каттосун жокко чыгаруу жана мандаттан баш тартуу тууралуу 2011-жылдын 30-августунда келин түшкөн арызынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 29-июлундагы № 60 “Кыргыз Республикасынын Жогоку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому жокко чыгарылсын.
2. Ушул токтомдун күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Р.Иминовдун №130 күбөлүгү жараксыз деп табылсын.
3. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2011-жылдын 5-сентябры
№ 207