12.03.2020 №73 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу

жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ноокен, Бакай-Ата, Кара-Суу, Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу

 

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Ноокен, Бакай-Ата, Кара-Суу, Жумгал аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ноокен, Бакай-Ата, Кара-Суу, Жумгал аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери бекитилсин.

2. Ноокен, Бакай-Ата, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын 2-тиркемеде көрсөтүлгөн бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.

3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.

4. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 12-марты

№ 73

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 12-марты

№ 73 токтомунун 1-тиркемеси

 

 

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган

жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси

 

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын

Ф.А.А.

Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби

Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы

Жалал-Абад облусу

Ноокен району

1

Сакалды айылдык

Турдалиев Азизбек Жусупалиевич

Өз арызы

№ 1, 02.03.2020-ж.

Талас облусу

Бакай-Ата району

2

Өзгөрүш айылдык

Толошов Данияр Шабданович

Өз арызы

№ 5, 02.03.2020-ж.

Ош облусу

Кара-Суу району

3

Мады айылдык

Абдивалиев Союзбек Суранович

Өз арызы

№ 8, 24.01.2020-ж.

Нарын облусу

Жумгал району

4

Түгөл-Сай айылдык

Тургуналиева Асыл Бейшеновна

Депутатка карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирүү

№ 2, 08.01.2020-ж.

           

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын

2020-жылдын 12-марты

№ 73 токтомунун 2-тиркемеси

 

 

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган

талапкерлердин тизмеси

 

 

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А.

Иштеген жери, ээлеген кызматы

Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын

чечими

Жалал-Абад облусу

Ноокен району

1

Сакалды айылдык

Сакиев Санжар Акрамжанович

«Кыргызнефтегаз» ААК, юрист

№ 1, 02.03.2020.

Талас облусу

Бакай-Ата району

2

Өзгөрүш айылдык

Тилешев Кутманалы Болунович

Дыйкан чарбасынын жетекчиси

№ 5, 02.03.2020-ж.

Ош облусу

Кара-Суу району

3

Мады айылдык

Орунбаев Алайбек Раимжанович

Убактылуу иштебейт

№ 8, 24.01.2020-ж.