№145 2013-жылдын 18-августундагы Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 4-июлундагы № 156 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2013-жылдын 18-августунда өткөрүлдү.

Шайлоону өткөрүү үчүн, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын   10-, 11-беренелерине ылайык 1 бирдиктүү шайлоо округу, 6 шайлоо участоктору түзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары-БШК) “Ата-Мекен” саясий социалисттик партиясынын Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясындагы ыйгарым укуктуу өкүлү К. Абуллаевден жана “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын райондогу координатору Х. Азимовдон арыз келип түшкөн. Арызда шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар болгондугу жана аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 22-августундагы №27/40 чечимин жана жалпы Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнүшкөн. Бул арызда көрсөтүлгөн мыйзам бузууларды кароо максатында БШК тарабынан 2013-жылдын 26-августундагы № 46/0Д буйругу менен курамы  БШКнын 3 мүчөсүнөн турган (Акматов Ж.А., Бекбасаров Р.Б., Азиз Канатбек) жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топтун билдирүүсү боюнча белгиленген мыйзам бузуулар шайлоонун жыйынтыгына таасир эткен эмес (Билдирүү тиркелет). 

Жумушчу топтун билдирүүсүнө, добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан келип түшкөн протоколдоруна негизденип, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын   40-беренесиндеги 4-бөлүккө, 56-1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2013-жылдын 18-августунда өттү деп таанылсын.

2. Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдор бекитилсин.

3. Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттыгына төмөнкү талапкерлер шайланган депутаттар деп эсептелсин (тиркеме тиркелет).

4. Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.

5. №5269-Мектеп шайлоо участкасында орун алган мыйзам бузууларга карата укуктук баа берүү жагы Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынан суралсын.

6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                   Т. Д. АБДРАИМОВ

Бишкек ш., 2013-жылдын 5-сентябры

№145

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

                                                                                2013-жылдын 5 - сентябрындагы                          № 145 - токтомуна тиркеме

Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарынын тизмеси.

Кара-Суу шаары

Саясий партиянын аталышы

Ф.А.А.

1

«Онугуу-Прогресс» саясий партиясы

 

1009 добуш, 6 мандат 

1

Шаятов Фарахиддин Абдусаттарович

2

Ахметов Фуркат

3

Орозмаматова Венера Абдисаматовна

4

Соипов Эркин Инамжанович

5

Махмудхужаев Яхеходжа Саидхужаевич

6

Молошова Санабархан

2

“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы

 

3159 добуш, 18 мандат

1

Ахмедов Сабыр Турсунович

2

Юсупов Зиёдин Джалалович

3

Апышева Айнура Мусаевна

4

Хатамов Рустам Хакимжанович

5

Рахимов Мамиржан Каримович

6

Самибаева Урмат Исаевна

7

Кушбаков Шавкат Шамшидинович

8

Кокоев Садык

9

Каримов Медербек

10

Исаков Махамат Исмаилжанович

11

Турдиев Маруфжан Розиевич

12

Ханипов Фатхулло Мамадуллаевич

13

Атабаев Мамиржон Мирзаевич

14

Сулайманов Азизбек Мамытович

15

Мамадалиев Абылкасым Макмудович

16

Усманов Ядгарбек Шафкатович

17

Рамашов Тахир Юсупович

18

Чырмашов Ысмайлжан

3

«Замандаш-Современник» саясий партиясы

478 добуш, 3 мандат

1

Жаанбаев Акылбек Апсатарович

2

Эгемкулов Нурбек Кадырбекович

3

Орозбаева Тиллакан Тургунбаевна

4

“Бир Бол” Либералдуу-демократиялык партиясы” саясий партиясы

733 добуш, 4 мандат

1

Маруфжанов Акбаржан

2

Жуманазаров Ильяс Токтомушович

3

Чынасылова Тахмина Эргешовна

4

Мурзабаев Советбек Маамытович