2010-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо эл аралык байкоочулар катары аккредитациялоо жөнүндө берилген арыздарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөрдөн өкүлдөр
аккредитациялансын:
- КРдагы Япониянын Элчилиги (№1 тиркеме - 2 адам);
- Иран Ислам Республикасынын Элчилиги ( №2 тиркеме - 6 адам);
- Эл аралык мамилелер Улуттук Демократиялык Институту (NDI) ( №3 тиркеме - 14 адам);
- ШКУнун байкоочулар Миссиясы (№4 тиркеме- 3 адам);
- Грузия Республикасынын БШКсы (№5 тиркеме - 1 адам);
- ЕККУ/ДИАУБ Миссиясынан (№6 тиркеме - 14 адам).
2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр
берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине
жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом ЖМКларда жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө КР БШКнын мүчөсү
А.Дж. Баялиновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА А.САРИЕВ
Бишкек ш.у 2010-жылдын 5- октябры
№301