Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.К.Колубаевден келип түшкөн документтерди карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.К.Колубаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:
- Калмуратов Жолдошбек Жамбулович,1972-жылы туулган,убактылуу иштебейт;
-Дуванкулова Раиса Асамбековна, 1978-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Беккулиев Улукбек Бакаевич,1965-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Кыдыршаев Темирлан Токтогулович, 1967-жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Төлөев Таштанбек Усөнович, 1980- жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Карасартов Азамат Джолболдуевич, 1979- жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Эгембердиев Тургунбай,1961- жылы туулган, убактылуу иштебейт;
-Дюшекеев Айбек Джанышевич,1990-жылы туулган, убактылуу иштебейт.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.К.Колубаевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.
Төрага Т. Абдраимов
Бишкек ш., 2011-жылдын 25-августу
№183