Башкы УЧА Токтом 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин … Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер тапшырган шайлоо …

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер тапшырган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө

№349 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө Об утверждении степени защиты специальной бумаги, имеющей индивидуальную защиту для изготовления избирательного бюллетеня по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №140 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №143 Об утверждении форм сведений о кандидате, включенном в список кандидатов, списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, выдвинутых политической партией по единому избирательному округу и перечня необходимых документов политической пар О Рабочей группе Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики по приему и проверке избирательных документов от политических партий от 10 августа 2010 года, №145 Об Общественной приемной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №146 Об определении банковского учреждения для открытия специального счета избирательного фонда политической партией от 10 августа 2010 года, №147 Об утверждении форм и образцов финансовых документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша нового созыва Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №148 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №149 Об утверледении сметы расходов на подготовку и проведение выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №150 Об утверждении Положения “О порядке деятельности, статусе и полномочиях международных (иностранных) наблюдателей на выборах в Кыргызской Республике” от 12 августа 2010 года, №151 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №152 О порядке аккредитации средств массовой информации Кыргызской Республики, участвующих в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №153 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 13 августа 2010 года, №155 О внесении изменений в состав Нарынской областной избирательной комиссии 14 августа 2010 года, №156 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 14 августа 2010 года, №157 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 16 августа 2010 года,№158 О внесении изменения в состав Иссык-Кульской областной избирательной комиссии от 17 августа 2010 года, №159 Об информационном обеспечении выборов от 17 августа 2010 года, №160 Об утверждении Порядка формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий от 17 августа 2010 года, №161 Об утверждении Положения «Об организации участия граждан Кыргызской Республики, проживающих или находящихся за пределами ее территории в выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года» от 17 августа 2010 года, №162 Об утверждении Инструкции о порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательных фондов политических партий от 17 августа 2010 года, №163 Об уполномоченных представителях политической партии «Алгыр Кыраан» от 18 августа 2010 года, №164 Об уполномоченных представителях политических партий «Партия народного самоуправления «Ак Санат» и Политической социалистической партии «Ата Мекен» от 18 августа 2010 года, №165 Об уполномоченном представителе политической партии Демократическая партия женщин и молодежи Кыргызстана «Новая сила» от 20 августа 2010 года, №166 О внесении изменения в состав Ошской областной избирательной комиссии от 23 августа 2010 года, №167 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 23 августа 2010 года, №168 Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» журнала УИК от 23 августа 2010 года, №169 О разъяснении по применению пункта 5 статьи 72 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №170 О разъяснении по применению пункта 3 статьи 25, пункта 1 статьи 69, статьи 70, пункта 3 статьи 72, пункта 3 статьи 77 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №171 О внесении изменений и дополнения в Инструкцию «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательного фонда политической партии» от 23 августа 2010 года, №172 О разъяснении об агитационных печатных материалах, значках и символах политической партии от 23 августа 2010 года, №173 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 24 августа 2010 года, №174 О внесении изменений и дополнений в «Порядок формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий» от 24 августа 2010 года, №175 О контрольно-ревизионной группе от 24 августа 2010 года, №176 Об уполномоченных представителях Демократической партии Женщин и Молодежи Кыргызстана «Новая Сила» от 25 августа 2010 года, №177 Об удостоверении международных (иностранных) наблюдателей на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 25 августа 2010 года, №178 Об уполномоченных представителях Республиканской политической партии Кыргызстана «Таза Коом» от 27 августа 2010 года, №179 Об образовании избирательных участков от 27 августа 2010 года, №180 О делегировании отдельных полномочий нижестоящим районным и городским избирательным комиссиям от 27 августа 2010 года, №181 Об изготовлении печатей вновь образованным избирательным участкам от 27 августа 2010 года, №182 Об уполномоченных представителях политических партий от 29 августа 2010 года, №183 Об образовании избирательных участков за пределами Кыргызской Республики от 1 сентября 2010 года, №184 Об уполномоченном представителе политической партии «Молодежное движение 7 апреля» от 1 сентября 2010 года, №185 Об уполномоченных представителях политических партий от 1 сентября 2010 года, №186 Об утверждении текстов вывески и календаря от 1 сентября 2010 года, №187 О внесении изменений и дополнений в Памятку о юридической ответственности за нарушения избирательных прав от 1 сентября 2010 года, №188 О регистрации списка кандидатов от политической социалистической партии “Ата Мекен” от 2 сентября 2010 года, №189 О регистрации списка кандидатов от идеалистической демократической политической партии “Ата Журт” от 2 сентября 2010 года, №190 О прекращении полномочий уполномоченных представителей политических партий от 2 сентября 2010 года, №191

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер тапшырган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ жөнүндө Жобо бекитилсин (тиркелет).

2.  Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.

3.  Бул токтомдун аткарылышын котролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  А.Т. Шаимкуловага жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                                                               Т. Абдраимов

Бишкек ш., 2011-жылдын 11-июлу

 11

 

 

 

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана

референдумдарды өткөрүү боюнча

Борбордук шайлоо комиссиясынын

2011-жылдын 11-июлундагы

№ 11 токтому менен бекителген

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер  тапшырган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча     

Жумушчу топ жөнүндө

ЖОБО

 

I. Жалпы жоболор

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер жана анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тапшырган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча (мунун ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдоодогу кол тамга чогултуу баракчасында камтылган шайлоочулардын кол тамгаларынын жана аларга тийиштүү маалыматтардын тактыгын кабыл алуу жана текшерүүнү өткөрүү да бар)  Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу (мындан ары - жумушчу топ) Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдануу жана өткөрүү мезгилинде, жетекчи, жетекчинин орун басары, катчы жана эки мүчө тутумунда уюштурулат.

2. Жумушчу топ өзүнүн иш аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамды, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, башка мыйзамдарды, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын ченемдик актыларын, ушул Жобону жана Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын буйрутмасын жетекчиликке алат.

3. Иштин натыйжасы боюнча Жумушчу топ жыйынтыктоочу протоколдордун, отчеттордун, маалым каттардын, корутундулардын башка документтердин негизинде Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди каттоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, талапкердин ишенимдүү адамдарын каттоо же аларды каттоону четке кагуу жөнүндө жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган маселелер боюнча токтомдордун долбоорлорун  даярдайт жана кароого киргизет.

4. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктарын расмий жарыялаган күндөн тартып бир айдын ичинде Жумушчу топтун документтери белгиленген тартипте Борбордук шайлоо комиссиясынын архивине тапшырылат.

 

II. Жумушчу топтун  милдеттери

 

5. Жумушчу топтун милдети болуп “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комисссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына карата Борбордук шайлоо комиссиясында Кыргыз Республикасынын  Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди, талапкерлердин өкүлдөрүн каттоо үчүн берилген шайлоо документтеринин тактыгын текшерүү эсептелет.

Бул милдеттерди аткаруу үчүн Жумушчу топ төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жана каттоо күбөлүктөрүн даярдоо үчүн документтерди кабыл алат;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна саясий партиялардан, өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтардын тактыгын, бардык шайлоо документтеринин толуктугун текшерет, шайлоо документтерин кабыл алат.

-текшерүү үчүн  иргелип алынып (чүчүкулак), берилген бардык кол тамгалардын же кол тамгалардын бир бөлүгүнүн тактыгын текшерет. Текшерүүнү ишке ашыруу тартибин жана процедурасын шайлоо мыйзамынын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын ченемдик актыларынын талаптарына ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы аныктайт;

- кол тамга чогултуу баракчасында камтылган шайлоочулар тууралу маалыматтарды жана кол тамгаларды текшерүүдө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге бирдей шарттарды камсыз кылуу төмөнкү факторлор менен аныкталат:

а) кол тамга чогултуу баракчаларын текшерүүнүн пропорциялуулугу, аны Борбордук шайлоо комиссиясы бекитет, м.а. бир талапкердин чогулткан кол тамгаларынын санынын 30% (шарттуу бирдик) текшерилүүгө тийиш болсо, чогултулган кол тамгалардын санына карабастан бул 30% башка талапкерлерге да жайылтылышы;

б) кол тамга чогултуу баракчаларын текшерүүдө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин же анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусу;

-шайлоо мыйзамында бекитилген шайлоо документтериндеги маалыматтардын жана берүүлөрдүн тактыгын текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо же каттоону четке кагуу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясында кароо жана  жүйөлүү чечимдер кабыл алуу үчүн даярдоосу.

            Мында, эгерде Жумушчу топ талапкердин документтеринен каттоо үчүн кайчылаштыктарды тапса, алар аталган талапкерди каттоого бөгөт болсо, документтерди алгандан кийин 24 сааттын ичинде Жумушчу топ талапкерге же саясый партияга ачылган кайчылаштыктар тууралуу билдирүүгө милдеттүү. Талапкер же саясий партия билдирүүнү алган учурдан 48 сааттын ичинде керектүү өзгөртүүлөрдү киргизип жана оңдолгон документтерди Жумушчу топко тапшырууга укуктуу;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоодогу документтерди  кабыл алууну Борбордук шайлоо комиссиясы четке каккандыгы тууралуу токтомуна даттануу болгондо материалдарды даярдоо;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ишенимдүү адамдарын каттоо үчүн документтерди кабыл алуу жана алар үчүн күбөлүктөрдү даярдоо;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин Борбордук шайлоо комиссиясындагы өкүлүн дайындоого документтерди кабыл алуу жана аларга күбөлүктү даярдоо;

-Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо этабында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин  белгиленген тартипте жана мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө берген  бардык шайлоо документтерин Борбордук шайлоо комиссиясынын архивине даярдоо жана тапшыруу.

 

III. Жумушчу топтун  курамы жана ишин уюштуруу

 

6. Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет:

- Жумушчу топтун жетекчиси;

- Жумушчу топтун жетекчисинин орунбасары;

- Жумушчу топтун катчысы;

- Жумушчу топтун мүчөлөрү.

Жумушчу топ эки топчого бөлүнөт:

-шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча топчо, ал Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна саясий партиялардан көрсөтүлгөн, өзүн-өзү  көрсөтүү тартибиндеги талапкерлерди каттоо, ишенимдүү адамдарды каттоо жана кеңеш берүү добуш укугу бар Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүн дайындоо жөнүндө чечимдерди Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алышы үчүн шайлоо документтерин кабыл алат жана текшерет;

- кол коюу баракчасындагы колтамгаларды жана маалыматтарды текшерүү жана кабыл алуу боюнча топчо, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон кол коюу баракчасында камтылган колтамгалардын жана маалыматтардын аныктыгын текшерүүнү камсыз кылат.

7. Жумушчу топтун жетекчиси, анын орун басары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн арасынан, ал эми мүчөлөрү Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлеринин арасынан Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен бекитилет.

8. Топчолордун курамы жана алардын жетекчилери Жумушчу топтун жетекчисинин сунушу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын буйрутмасы  менен бекитилет.

9.Жумушчу топчолордун иш аракетин камсыз кылуу анын милдеттерин аткаруу үчүн келишимдик негизде, штаттан тышкаркы кызматчылар: Кыргыз Республикасынын ички иштер Министрлигинин паспорт-визалык кызматынын эксперт-адистери, Мамлекеттик каттоо кызматынын кол тамга текшерүүчүлөрү, аскер комиссариаттарынын адистери чакырылышат.

10. Жумушчу топчодо иштөө үчүн чакырылган адистердин сандык курамы Жумушчу топчосунун милдеттеринен, шайлоо процессинин катышуучулары берген шайлоо документтеринин көлөмүнөн, Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйналыштарында кароо үчүн керектүү материалдарды даярдоонун мөөнөттөрүнөн келип чыгат жана Жумушчу топчонун иш аракеттеринин түрдүү этаптарында өзгөрүлүп турушу мүмкүн.

11. Жумушчу топтун иш аракети Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилиндеги шайлоо процессинин катышуучуларынан Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн шайлоо документтерин кабыл алууга, текшерүүгө жана сактоого ылайык ишке ашырылат.

12. Шайлоо документтерин текшерүүдө, кол тамгалардын жана шайлоочулар тууралуу маалыматтардын тактыгын текшерүү үчүн кол тамга баракчаларын капилеттен иргеп алуу процедурасын өткөрүүдө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди колдоодогу шайлоочулардын кол коюуу баракчаларын түздөн-түз текшерүүнү өткөрүүдө талапкерге бекитилген сандагы кол тамгаларды тапшырган талапкерлер же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышууга укуктуу.

13. Жумушчу топтун жетекчисинин уруксааты менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө алардын суроолору боюнча  кол коюу баракчаларын текшерүүнүн жүрүшү жөнүндө оперативдүү маалымат берилет. Мында ыйгарым укуктуу өкүлдөр кол коюу баракчаларды текшерүүнүн технологиялык процессине киришүүгө, жумушчу топтун мүчөлөрүнүн милдеттерин аткаруусуна бөгөт коюуга укуксуз.

14. Жумушчу топчонун ишин уюштурууну топчонун  жетекчиси Жумушчу топтун жетекчиси же орун басары менен макулдашып аныктайт.

15. Жумушчу топтун жетекчисинин жана анын орун басарынын жазуу жүзүндөгү жана оозэки көрсөтмөлөрү Жумушчу топтун бардык мүчөлөрү, келишимдик негизде чакырылган штаттан тышкаркы адистер үчүн аткарууга милдеттүү деп эсептелет.