№108 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 14-ноябрындагы № 210 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төш белгисинин үлгүлөрүнүн сыпаттамасын тактоо максатында, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүн, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 14-ноябрындагы № 210 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- № 4 тиркемедеги "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңешинин депутатынын төш белгисинин үлгүсүнүн сыпаттамасы" тиркемедеги редакцияга ылайык баяндалсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 14-ноябрындагы №210-Токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” 2016-жылдын 25-ноябрындагы №228-Токтомдун 1.2 пункту күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2018-ж. 24-майы 
№ 108