“Республика”, “Ата-Журт”, “Ата Мекен”, “Ар-Намыс”, “Кыргызстан коммунисттеринин партиясы” саясий партияларынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3, 22. 24-пунктчаларына, 29-беренесинин 1, 2-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Төмөндө аталган саясий партиялардын ишенимдүү адамдары катталсын:
- “Республика” саясий партиясынан, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустары боюнча 21 адам (тизмеси тиркелет);
- “Ата-Журт” саясий партиясынан 44 адам (тизмеси тиркелет);
- “Ата Мекен” саясий партиясынан 68 адам (тизмеси тиркелет);
- “Ар-Намыс” саясий партиясынан, Баткен облусу боюнча 40 адам (тизмеси тиркелет);
- “Кыргызстан коммунисттеринин партиясы” саясий партиясынан, 5 адам (тизмеси тиркелет).
2. Саясий партиялардын ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш. 2010-жылдын 2-октябры
№ 293