17.07.20ж. №137 2020-жылы 17-июлунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2020-жылы 17-июлунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2020-жылы 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнунда № 108 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Осмонов Уланбек Келдибекович, Аттокуров Турусбек Кудайбергенович катталган, талапкерлер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 17-июлундагы протоколу менен Ак-Жар айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын баардыгы катышып, У.К. Осмонов 10 добуш, Т.К. Аттокуров 1 добуш алышкан, “бардык талапкерлерге каршы”  позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 17-июлундагы протоколу менен Осмонов Уланбек Келдибекович Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. 

Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2020-жылы 17-июлунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.

1.1. Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Осмонов Уланбек Келдибекович Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

           Төрага                                                                        Н. Шайлдабекова

 

Бишкек ш., 2020-жылдын  21-июлу

№ 137