Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы № 204 Жарлыгы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2012-жылдын 25-ноябрында өткөрүлдү.
Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешинин аймагында айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн көп мандаттуу 1 шайлоо округу түзүлгөн.
2012-жылдын 24 - ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп таануу жөнүндө” № 148 токтому менен Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешинин депутаттарын Кан шайлоо округу боюнча шайлоо өткөн жок деп табылган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 77 Жарлыгы менен дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешинин депутаттарын Кан шайлоо округу боюнча кайталап шайлоо 2013-жылдын 26-майында өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине шайлоо процессинин катышуучуларынан жазуу жүзүндөгү кайрылуу (арыздар, даттануулар, актылар) келип түшкөн жок.
2013-жылдын 26-майындагы болуп өткөн жергиликтүү кеңештин депуттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө келип түшкөн, Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы берген протоколдордун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37- беренесинин 4-бөлүккө, 40-беренесиндеги 4-бөлүккө, 62-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 26-майындагы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешинин депутаттарын Кан шайлоо округу боюнча кайталап шайлоо өттү деп табылсын.
2. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
3. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешине төмөнкү талапкерлер шайланган депутаттар деп эсептелсин (тиркеме).
4. Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 4-июну,
№ 102
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2013-жылдын 04- июнундагы
№ 102 токтомуна тиркеме
Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешинин депутаттарынын тизмеси.
|
Досатов Замирбек Мамасыдыкович |
145 |
|
Джахбаров Юлдашхужа Каландарович |
130 |
|
Досатов Жанболот Мамасыдыкович |
102 |
|
Жигитов Канатбек Мамытович |
102 |
|
Абдураимов Чингиз Камбаралиевич |
101 |
|
Асанов Базарбай Айдаркулович |
100 |
|
Жусупов Абдисатар Кулмаматович |
98 |
|
Иминов Дильшотбек Билалович |
95 |
|
Кутбаев Кубанычбек Абдикалыкович |
87 |
|
Юлдашев Якубджон Каримджонович |
85 |
|
Акунчиева Нургул Иметовна |
81 |
|
|