№ 3 2015-жылдын 28-декабрында өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 16-декабрындагы № 196 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын 2015-жылдын 28-декабрында өткөрүлгөн шайлоо боюнча Токтогул, Ала-Бука жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын                  7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренеcине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.   Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Ничке-Сай айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Мусаева Нуржамал Жеенбековна табылсын.

2.  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

2.1. Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

2.2. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Кабылов Сакыбек Мамбеталиевич табылсын.

3.   Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

3.1. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

3.2. Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Бектиров Тыныч Кочкорович табылсын.

4.   Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

5.  Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнө Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.

 

 

          ТӨРАГАНЫН ЫЙГАРЫМ

          УКУКТАРЫН АТКАРУУЧУ                                        А. ШАЙЫМКУЛОВА 

 

            Бишкек ш., 2016-жылдын 11-январы

            № 3