№263 Нарын облусунун Ат-Башы, Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Тиешелүү шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: К. Жапаров, Г.М. Омурзакова комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Нарын облусунун Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жапаров Калмамбет комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-“Республика” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Нишанова Раиса Керимкуловна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2.Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Омурзакова Гульнара Мергенбаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
-“Республика” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Дильманова Салима Нуралиевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                        А. БЕКМАТОВ
        
Бишкек ш., 2017-жылдын 21-июлу
№ 263