№ 45 Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айылдык кеңешинин депутаттарынын кайрылуусу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум  өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 2-февралындагы № 29 токтому менен 2017-жылдын 16-февралына дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо күнүн айыл өкмөт башчысын шайлоо боюнча түзүлгөн кырдаалга карата которуп берүү тууралуу Шарк айылдык кеңешинин кээ бир депутаттарынан келип түшкөн кайрылуусуна байланыштуу жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын  Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  2017-жылдын 16-февралына дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо күнү 2017-жылдын 28-февралына которулсун жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2.  Шарк айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо күнү 2017-жылдын 28-февралында коомдук тартипти камсыз кылууга көмөктөшүү жагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн суралсын. 

3.  Шарк айылдык кеңешинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №285 токтому менен бекитилген жобого ылайык, Шарк айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону өткөрүү үчүн айылдык кеңештин депутаттарынын катышуусун уюштуруу, ошондой эле  бөлмө,  бардык керектүү жабдуулар менен камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматов, мүчөлөрү А.Т.Асаналиев,  Г.М.Баатырова жана А.Ж.Эшимов иш сапарга айыл өкмөт башчысын шайлоо боюнча түзүлгөн кырдаалды иликтөө жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына методикалык жардам көрсөтүү үчүн жиберилсин.

5. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                               Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 16-февралы 

№ 45