№ 43 2016-жылдын 27-февралында өткөрүлгөн Бишкек шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 12-февралындагы № 30 токтому менен дайындалган Бишкек шаарынын мэрин 2016-жылдын 27-февралында өткөрүлгөн шайлоо боюнча Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23 - беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын       7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

   1. 2016-жылдын 27-февралында өткөрүлгөн Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.

   1.1.  Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

   1.2. Бишкек шаарынын шайланган мэри болуп Ибраимов Албек Сабирбекович табылсын.

   2. Бишкек шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

   3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

   4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.

 

   ТӨРАГА                                                                 Т. АБДРАИМОВ 

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 1-марты 

№ 43