«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1, 6, 7-пункттарына, 19-беренесинин 6, 7-бөлүктөрүнө, 22-беренесиндеги 1-бөлүктүн 1-пунктуна, 10-бөлүктүн 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө” Жобого, БШКнын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, А.А.Маматкуловдун, К.К.Сопуевдин, А.Д.Таштанбаеванын, Г.М.Табылдиеванын, Э.А.Бейшекеевдин, Н.Жанековдун, К.К.Асанбековдун, Ч.Д. Ордобаеванын, Н.А. Абдыкеримовдун, Б.М. Акбердиеванын, Ш.Р.Иманкожоеванын, А.С.Осконбаевдин, Г.Р.Сегизбаеванын, Д.А. Такырбашеванын, О.Ж. Ибраевдин арыздарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Маматкулов Акылбек Абдираимович, Сопуев Курманбек Калдарбекович чыгарылсын – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
2. Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн курамынан Таштанбаева Алтынай Джапарбаевна (комиссиянын төрайымы) чыгарылсын – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
3. Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Табылдиева Гульмира Молдобековна – «Ата-Журт» мекенчил партиясы» саясий партиясынан; Бейшекеев Эркин Алмазбекович чыгарылсын – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
4. Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамдан комиссиянын мүчөсү Жанеков Нурбек чыгарылсын – «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынан;
- резервден комиссиянын курамына Бидинов Алымбек киргизилсин – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
5. Ысык-Көл облусунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Асанбеков Кылычбек Касымбекович чыгарылсын – «Кыргызстан Социал-демократиялык партия» саясий партиясынан.
6. Ысык-Көл облусунун Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен: Ордобаева Чолпон Дюшебековна –«Ак-Шумкар» саясий партиясынан; Абдыкеримов Нурбек Асекович, Акбердиева Бурмакан Марксовна, Иманкожоева Шайы Рахматовна, Осконбаев Азин Садырович, Сегизбаева Гульбарчин Рысбековна, Такырбашева Джылдыз Акопяновна чыгарылсын – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
7. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- курамынан комиссиянын мүчөсү – Ибраев Осмон Жекшенович чыгарылсын - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан;
- комиссиянын курамына резервден – Урадилов Нурлан Уладылович киргизилсин - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
8. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана БШКнын расмий сайтына жайгаштырылсын.
9. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 13-майы
№ 72