29.04.2021 №163 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой, Бердике-Баатыр, Нуржанов, Долоно, Калба, Жергетал, Кара-Суу, Өмүралиев, Кууганды, Арал, Айдаралиев жана Осмонкулов айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо
2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой, Бердике-Баатыр, Нуржанов, Долоно, Калба, Жергетал, Кара-Суу, Өмүралиев, Кууганды, Арал, Айдаралиев жана Осмонкулов айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Талас аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө
2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен дайындалган Талас облусунун Талас районунун Көк-Ой, Бердике-Баатыр, Нуржанов, Долоно, Калба, Жергетал, Кара-Суу, Өмүралиев, Кууганды, Арал, Айдаралиев жана Осмонкулов айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 19-апрелиндеги
- Көк-Ой айылдык кеңешинин
- Бердике-Баатыр айылдык кеңешинин
- Нуржанов айылдык кеңешинин
- Долоно айылдык кеңешинин
- Калба айылдык кеңешинин
- Жергетал айылдык кеңешинин
- Кара-Суу айылдык кеңешинин
- Өмүралиев айылдык кеңешинин
- Кууганды айылдык кеңешинин
- Арал айылдык кеңешинин
- Айдаралиев айылдык кеңешинин
- Осмонкулов айылдык кеңешинин
депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Талас аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.
4. Талас аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 29-апрели
№ 163