№127 2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Чүй облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кемин, Аламүдүн, Панфилов жана Москва аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитүү жөнүндө

№127 2017-жылдын 28-майында өткөрүлгөн Чүй облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кемин, Аламүдүн, Панфилов жана Москва аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорун бекитүү жөнүндө

2017-жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-мартындагы № 59 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Кемин районунун Көк-Ойрок, Аламүдүн  районунун  Таш-Мойнок, Москва районунун Александровка айылдык кеңештеринин депутаттарын кезектеги шайлоо жана  2017-жылдын 13-апрелиндеги № 74 Жарлыгы менен дайындалган  Кемин районунун Кара-Булак, Кызыл-Октябрь, Панфилов районунун Курама, Москва районунун Төлөк айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү.

Кемин районунун Көк-Ойрок  айылдык кеңешинде мандаттардын саны 11ди түзөт. Көк-Ойрок  айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 3 шайлоо округ жана 3 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 2779ду түзүп, анын ичинен 1377 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 49,55 % түзөт.

Кемин районунун Кара-Булак  айылдык кеңешинде мандаттардын саны 11 ди түзөт. Кара-Булак айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 2 шайлоо округ жана 2 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 1961ди түзүп, анын ичинен 788 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 40,18 % түзөт.

Кемин районунун Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинде мандаттардын саны 11ди түзөт. Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 3 шайлоо округ жана 3 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 2639ду түзүп, анын ичинен 1393 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 52,87% түзөт.

Аламүдүн районунун Таш-Мойнок  айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Таш-Мойнок айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 3 шайлоо округ жана 4 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 5377ни түзүп, анын ичинен 2939 шайлоочулар добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 54,66 % түзөт.

Панфилов  районунун Курама  айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Курама айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн   көп мандаттуу 5 шайлоо округ жана 7 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 6212ни түзүп, анын ичинен 2885 шайлоочулар добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 46,44 % түзөт.

Москва  районунун Александровка  айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Александровка  айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн   көп мандаттуу 5 шайлоо округ жана 6 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 9466ны түзүп, анын ичинен 2720 шайлоочулар добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 28,73 % түзөт.

Москва  районунун Төлөк  айылдык кеңешинде мандаттардын саны 11ди түзөт. Төлөк айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн   көп мандаттуу 1 шайлоо округ жана 1 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын саны 705ти түзүп, анын ичинен 442 шайлоочулар добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 62,7 % түзөт.

Кемин районунун Кара-Булак, Көк-Ойрок, Кызыл-Октябрь, Аламүдүн районунун Таш-Мойнок, Панфилов районунун Курама жана Москва районунун Александровка, Төлөк айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кемин, Аламүдүн, Панфилов жана Москва аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколу бекитилсин (1-тиркеме).

2. Чүй облусунун Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколу бекитилсин (2-тиркеме).

3.  Чүй облусунун Кемин районунун Кызыл-Октябр айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколу бекитилсин (3-тиркеме).

4.  Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколдору бекитилсин (4-тиркеме).

5. Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 31-майындагы протоколу бекитилсин (5-тиркеме).

6. Чүй облусунун Москва районунун Александровка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 30-майындагы протоколу бекитилсин (6-тиркеме).

7. Чүй облусунун Москва районунун Төлөк айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 30-майындагы протоколу бекитилсин (7-тиркеме).

8. Бул токтомдун көчүрмөсү Кемин, Аламүдүн, Панфилов жана Москва аймактык шайлоо комиссияларына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

9. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн

ТӨРАГА                                                                Н.ШАЙЛДАБЕКОВА  

 Бишкек ш., 2017-жылдын 02- июну

№ 127