21.12.2020 №492 Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-январына дайындалган референдумда үгүт тобун каттоо жөнүндө
2020-жылдын 18-декабрында «Каршы» (бардык варианттарга каршы) тобу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясына кириш № 01-12/3841 арызы менен кайрылышкан (10 адамдан турат, топтун жетекчиси - Шабдан уулу Чынарбек).
Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун чечимин эске алып, референдумдун катышуучуларынын конституциялык укуктарынын кепилдиктерин сактоону жана ишке ашыруусун камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-январына дайындалган референдумда 1 - катар номери менен «Каршы» (бардык варианттарга каршы) тобу (тобунун жетекчиси - Шабдан уулу Чынарбек) катталсын. Топтун мүчөлөрүнүн тизмеси тиркелет.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасынын референдумундагы үгүт топторун каттоо жөнүндө арыздарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетечиси А.Ж. Эшимовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 21-декабры
№ 492