№406 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин өкүлүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Жээнбеков Сооронбай Шариповичтен өкүлүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,19-пункттарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин өкүлү болуп Бекбасаров Рашид Бердибаевич катталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна катталган талапкер Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү күбүлүк берилсин.

3. Бул токтом “ Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 4-сентябры 
№406