“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын -айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалсын.
- Айыл өкмөт башчыларын шайлоону өткөрүүнүн графиги бекитилсин (тиркелет).
- Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шайлоолорду өткөрүүнү уюштурсун.
- Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага Т. Абдраимов
Бишкек ш., 2012-жылдын 26-марты
№ 52