№ 94 Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь жана Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 267 буйругу менен Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Доконбаев Улан Ишембаевич Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими болуп дайындалган.

Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айылдык кеңешинин жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы 2017-жылдын 17-апрелинде өткөрүлгөн.

“Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

                                         ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь жана Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2017-жылдын 4-майына дайындалсын жана саат 9:00дөн 12:00гө чейин өткөрүлсүн.  

2. Ак-Суу жана Чүй аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.

3.  Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.   Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2017-жылдын 18-апрели

№ 94