№217 «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун ишмердүүлүгүн белгилөө максатында, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ жөнүндө” Жобо бекитилсин.

2 .Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төмөнкү укуктук-ченемдик актылары күчүн жоготту деп табылсын:

-Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 31-июлундагы №101 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоонун башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ жөнүндө" Жобо;

-Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы №164 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ жөнүндө" Жобо.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү, Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                                           А. БЕКМАТОВ

Бишкек ш., 2017-жылдын 10-июлу,

№ 217