№ 42 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймак

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Тогуз-Торо, Токтогул, Жайыл, Баткен, Сүлүктү жана Талас аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тогуз-Торо, Токтогул, Жайыл, Баткен, Сүлүктү жана Талас аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды 2-тиркемеде көрсөтүлгөн шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери бекитилсин.

2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.

3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

 

ТӨРАГА                                                             Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

  

Бишкек ш., 2017-жылдын 16-февралы

№42

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү

боюнча борбордук комиссиясынын

2017-жылдын 16-февралындагы

№ 42 токтомунун 1-тиркемеси

 

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган

жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси 

 

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А.

Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби

Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы

 

Жалал-Абад облусу

 

Тогуз-Торо району

 

 

Каргалык айылдык

Акматбеков Мунарбек Бакасович

Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№261,

24.12.2016-ж.

 

Токтогул району

 

 

Үч-Терек айылдык

Молдомусаев Нурлан Токтогулович

Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№261,

24.12.2016-ж.

 

 

М. Абдылдаев айылдык (Чолпон-Ата)

Мамбетов Анарбек

Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№261,

24.12.2016-ж.

 

 

Ничке-Сай айылдык

Жаныбаев Асанбек Алмусаевич

Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№261,

24.12.2016-ж.

 

Чүй облусу

 

Жайыл району

 

 

Сары-Коо айылдык

Адеков Урмат Калыбекович

Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№274,

26.12.2016-ж.

 

 

Сосновка айылдык

Мусаев Жээнчоро Адылбекович

Өз арызы

№274,

26.12.2016-ж.

 

 

Жайыл айылдык

Мамаев Замирбек Дакинович

Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№274,

26.12.2016-ж.

 

Баткен облусу

 

Баткен району

 

 

Суу-Башы айылдык

Козуев Кудайберди Эрдовлатович

Өз арызы, айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№251,

24.12.2016-ж.

 

Сүлүктү шаары

 

 

Сүлүктү шаардык

Абдыназаров Рахманберды Эрматович (“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы

Өз арызы, шаардын мэри болуп шайланган

№247,

24.12.2016-ж.

Талас облусу

Талас району

 

Көк-Ой айылдык

Шаршенбеков Талхат Кенешбекович

Өз арызы

№255,

24.12.2016-ж.

               

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2017-жылдын 16- февралындагы

№ 42 токтомунун 2-тиркемеси

 

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси

 

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж.

Иштеген жери, ээлеген кызматы,

Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими

Жалал-Абад облусу

Тогуз-Торо району

 

Каргалык айылдык

Идирисов Атырбек Казыбекович

Жеке ишкер

№4,

13.02.2017-ж.

Токтогул району

 

Үч-Терек айылдык

Калматов Нурбек Кулжанбаевич

Жеке ишкер

№2,

9.02.2017-ж.

 

М.Абдылдаев айылдык (Чолпон-Ата)

Анарбеков Сүйүнүч

“Мазар-Суу” дыйкан чарбасы, мүчө

№4,

10.02.2017-ж.

 

Ничке-Сай айылдык

Осмоналиев Кеңешбек Майчиевич

“Моңолдор” дыйкан чарбасы, мүчө

№4,

10.02.2017-ж.

Чүй облусу

Жайыл району

 

Сары-Коо айылдык

Караев Марс Бейшенбекович

Убактылуу иштебейт

№18,

14.02.2017-ж.

 

Сосновка айылдык

Алыбаев Максатбек Кубанычбекович

Жеке ишкер

№20,

14.02.2017-ж.

 

Жайыл айылдык

Эралиев Талантбек Бектурганович

Убактылуу иштебейт

№19,

14.02.2017-ж.

Баткен облусу

Баткен району

 

Суу-Башы айылдык

Файзуллаев Кабылтай Ташмуратович

“Кыргызайылтраст” МКК, менеджер

№33,

13.02.2017-ж.

Сүлүктү шаары

 

Сүлүктү шаардык

Мамадиев Каныбек Абдибурханович (“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы

№1 В.И.Ленин атындагы орто мектеби, мугалим

№8,

14.02.2017-ж.

Талас облусу

Талас району

 

Көк-Ой айылдык

Сарногоев Рыспай Кондубаевич

“Таза коом үчүн” коомдук уюм, башчы

№8,

14.02.2017-ж.