№ 239 Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депутаты Каптагаев Болот Кыдырмышевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясы “Ата-Мекен” саясий социалисттик партиясынан Нарын шаардык кеңешинин депутаты Каптагаев Болот Кыдырмышевичтин өзүнүн берген арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты “Ата-Мекен” саясий социалисттик партиясынан катталган талапкерлердин тизмесиндеги кийинки талапкер Айдаралиева Жыпаргул Акановнага өткөрүп берүү жөнүндө 2016-жылдын 1-декабрындагы №10 чечимди кабыл алышкан.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясы “Ата-Мекен” саясий социалисттик партиясынан Нарын шаардык кеңешинин депутаты Каптагаев Болот Кыдырмышевичтин өзүнүн берген арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты “Ата-Мекен” саясий социалисттик партиясынан катталган талапкерлердин тизмесиндеги кийинки талапкер Айдаралиева Жыпаргул Акановнага өткөрүп берүү жөнүндө 2016-жылдын 1-декабрындагы №10 чечими бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу токтомдорунун “Ата-Мекен” саясий социалисттик партиясынан Нарын шаардык кеңешинин депутаты

Каптагаев Болот Кыдырмышевичке тиешелүү бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп табылсын.

3. “Ата-Мекен” саясий социалисттик партиясынан Нарын шаардык кеңешинин  депутаты Каптагаев Болот Кыдырмышевичтин күбөлүгү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.

4. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясы Нарын шаардык кеңешинин шайланган депутаты Айдаралиева Жыпаргул Акановнаны каттасын жана ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини тапшырсын.

5. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун көчүрмөсү Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жана Нарын шаардык кеңешине жөнөтүлсүн.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                             Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

  

Бишкек ш., 2016-жылдын 10-декабры

№ 239