№244 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сооронбай Шарипович Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна “КСДП” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн талапкер Сооронбай Шарипович Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 1,2,3,4,5-бөлүктөрүн “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:


1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сооронбай Шарипович Жээнбековдун шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын.

1. Ашканбаев Таалайбек Тавалдиевич;
2. Рыскулуева Камила Акматовна;
3. Орунбаева Чурок Капасовна;
4. Гапонова Наталья Васильевна;
5. Жунусов Советбек Шакирович;
6. Абдуразаков Токтосун Зундинович;
7. Джолборсов Кадырбек;
8. Аттокуров Урмат Тологонович;
9. Джумагулов Токтогул Кадырдинович;
10. Умуралиев Алмазбек Асырбекович;
11. Иманбаев Аскарбек Асангазиевич;
12. Молдогазиева Клара Ашимбековна;
13. Ибраев Осмон Жекшенович;
14. Кулов Нурлан Жетимишбекович;
15. Орозакунова Бактыгул Кенешовна;
16.  Жетишикова Гулбара Султановна;
17.  Дуйшенов Канат Райымбекович.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сооронбай Шарипович Жээнбековдун катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү ырастамалар берилсин.

3. Бул токтом “ Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн. 

ТӨРАГА                                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА


Бишкек ш., 2017-жылдын 18-июлу
№244