Ысык-Көл облусунун Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 23-июлундагы № 61 тескемеси менен Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Сыдыков Б.А. өзүнүн берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган, Ысык-Көл облусунун Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2014-жылдын 1-августундагы № 65 тескемеси менен Чоң-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Абдылдаев С.Н. өзүнүн берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 17-июнундагы № 81 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна киргизилген өзгөртүү, толуктоолорго ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо тиркемеге ылайык 2014-жылдын 22-, 25-августуна саат 10-00 дайындалсын.
2. Түп аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГАНЫН ЫЙГАРЫМ
УКУКТАРЫН АТКАРУУЧУ А. ШАЙЫМКУЛОВА
Бишкек ш., 2014-жылдын 5-августу
№ 100
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
2014-жылдын 5-августундагы № 100 токтомуна тиркеме
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым аткаруу органынын башчыларын шайлоолорду өткөрүүнүн графиги
|
№ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчысын шайлоо датасы жана убактысы |
|
Ысык-Көл облусу Түп району |
||
|
1. |
Талды-Суу |
22.08.2014-ж., саат 10-00 |
|
2. |
Чоң-Таш |
25.08.2014-ж., саат 10-00 |