№137 2016-жылдын 11 жана 16 – августунда өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 28-июлундагы № 132 токтому менен 2016-жылдын 11-августуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо, 2016-жылдын 16-августуна дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо боюнча Ысык-Көл жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

1.1.Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2.Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Дубаев Нурзат Болотканович табылсын.

2. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

2.1. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

2.2. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Кожобергенов Самат Таштанбекович табылсын.

3. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

3.1.Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын Тору-Айгыр айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

3.2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Керимбаев Уланбек Керимбаевич табылсын.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 18 - августу

№ 137