Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы референдум өткөрүү үчүн колдорду чогултуу боюнча “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жеңилдиктерин жана артыкчылыктарын жокко чыгаруу үчүн” демилгелүү топту каттоо жөнүндө өтүнүчүн карап чыгып, референдумга коюлган маселелердин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине, 72-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келгендигин аныктады.
Демилгелүү топ, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына депутаттарды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жарандардын макулдугу жөнүндө маселени референдумга коюну сунуштайт. Эгерде депутатка, анын депутаттык иши менен байланышпаган айыптоолор коюлса, демилгелүү топ ал депутатты кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдугун берүүнү Жогорку Кеңешти милдеттендирүүнү сунуштайт. Референдумга коюлган маселелер, Конституциянын жоболоруна карама-каршы болбошу керек. Сунушталган ченем, референдумда кабыл алынып калган учурда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 72-беренесиинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет.
Социалдык, материалдык жана башка жеңилдиктердин же аларды жокко чыгаруу маселелери жалпы элдик добуш берүүгө коюлбашы керек, алар атайын кесипкөй иликтөөнүн жана компетенттүү органдар тарабынан чечим кабыл алуунун предмети болууга тийиш.
“Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү үчүн колдорду чогултуу боюнча “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жеңилдиктерин жана артыкчылыктарын жокко чыгаруу үчүн” демилгелүү тобун каттоодон баш тартылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүү үчүн колдорду чогултуу боюнча “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жеңилдиктерин жана артыкчылыктарын жокко чыгаруу үчүн” демилгелүү топтун өкүлүнө берилсин.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2015-жылдын 30-июну
№ 68