Башкы УЧА Токтом 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин … № 126 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.А …

№ 126 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.А Саматовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

№349 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө Об утверждении степени защиты специальной бумаги, имеющей индивидуальную защиту для изготовления избирательного бюллетеня по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №140 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №143 Об утверждении форм сведений о кандидате, включенном в список кандидатов, списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, выдвинутых политической партией по единому избирательному округу и перечня необходимых документов политической пар О Рабочей группе Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики по приему и проверке избирательных документов от политических партий от 10 августа 2010 года, №145 Об Общественной приемной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №146 Об определении банковского учреждения для открытия специального счета избирательного фонда политической партией от 10 августа 2010 года, №147 Об утверждении форм и образцов финансовых документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша нового созыва Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №148 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №149 Об утверледении сметы расходов на подготовку и проведение выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №150 Об утверждении Положения “О порядке деятельности, статусе и полномочиях международных (иностранных) наблюдателей на выборах в Кыргызской Республике” от 12 августа 2010 года, №151 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №152 О порядке аккредитации средств массовой информации Кыргызской Республики, участвующих в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №153 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 13 августа 2010 года, №155 О внесении изменений в состав Нарынской областной избирательной комиссии 14 августа 2010 года, №156 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 14 августа 2010 года, №157 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 16 августа 2010 года,№158 О внесении изменения в состав Иссык-Кульской областной избирательной комиссии от 17 августа 2010 года, №159 Об информационном обеспечении выборов от 17 августа 2010 года, №160 Об утверждении Порядка формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий от 17 августа 2010 года, №161 Об утверждении Положения «Об организации участия граждан Кыргызской Республики, проживающих или находящихся за пределами ее территории в выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года» от 17 августа 2010 года, №162 Об утверждении Инструкции о порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательных фондов политических партий от 17 августа 2010 года, №163 Об уполномоченных представителях политической партии «Алгыр Кыраан» от 18 августа 2010 года, №164 Об уполномоченных представителях политических партий «Партия народного самоуправления «Ак Санат» и Политической социалистической партии «Ата Мекен» от 18 августа 2010 года, №165 Об уполномоченном представителе политической партии Демократическая партия женщин и молодежи Кыргызстана «Новая сила» от 20 августа 2010 года, №166 О внесении изменения в состав Ошской областной избирательной комиссии от 23 августа 2010 года, №167 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 23 августа 2010 года, №168 Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» журнала УИК от 23 августа 2010 года, №169 О разъяснении по применению пункта 5 статьи 72 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №170 О разъяснении по применению пункта 3 статьи 25, пункта 1 статьи 69, статьи 70, пункта 3 статьи 72, пункта 3 статьи 77 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №171 О внесении изменений и дополнения в Инструкцию «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательного фонда политической партии» от 23 августа 2010 года, №172 О разъяснении об агитационных печатных материалах, значках и символах политической партии от 23 августа 2010 года, №173 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 24 августа 2010 года, №174 О внесении изменений и дополнений в «Порядок формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий» от 24 августа 2010 года, №175 О контрольно-ревизионной группе от 24 августа 2010 года, №176 Об уполномоченных представителях Демократической партии Женщин и Молодежи Кыргызстана «Новая Сила» от 25 августа 2010 года, №177 Об удостоверении международных (иностранных) наблюдателей на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 25 августа 2010 года, №178 Об уполномоченных представителях Республиканской политической партии Кыргызстана «Таза Коом» от 27 августа 2010 года, №179 Об образовании избирательных участков от 27 августа 2010 года, №180 О делегировании отдельных полномочий нижестоящим районным и городским избирательным комиссиям от 27 августа 2010 года, №181 Об изготовлении печатей вновь образованным избирательным участкам от 27 августа 2010 года, №182 Об уполномоченных представителях политических партий от 29 августа 2010 года, №183 Об образовании избирательных участков за пределами Кыргызской Республики от 1 сентября 2010 года, №184 Об уполномоченном представителе политической партии «Молодежное движение 7 апреля» от 1 сентября 2010 года, №185 Об уполномоченных представителях политических партий от 1 сентября 2010 года, №186 Об утверждении текстов вывески и календаря от 1 сентября 2010 года, №187 О внесении изменений и дополнений в Памятку о юридической ответственности за нарушения избирательных прав от 1 сентября 2010 года, №188 О регистрации списка кандидатов от политической социалистической партии “Ата Мекен” от 2 сентября 2010 года, №189 О регистрации списка кандидатов от идеалистической демократической политической партии “Ата Журт” от 2 сентября 2010 года, №190 О прекращении полномочий уполномоченных представителей политических партий от 2 сентября 2010 года, №191

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы 2016-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары – КР БШК) Ж.А. Саматов алып келген Россиянын ФМКсынын документинин түп нускалыгын текшерүү фактысы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн материалдары боюнча укуктук жардам көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын суроо-талаптарын аткарууда алынган Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасынын материалдарын жөнөткөн (16.06.2016-ж. чыг.№9/93-16).

22.01.1993-жылдагы Минск шаарында кабыл алынган “Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук мамилелер жана укуктук жардам жөнүндө” Конвенциясына ылайык, укуктук жардам көрсөтүү тууралуу эл аралык тапшырманын алкагында Россия Федерациясынын компетенттүү органдарынын алдында төмөнкүдөй суроолор коюлган:

1. Ош облусунун Өзгөн районунун Кара-Дыйкан айылында 11.03.1973-жылы туулган Саматов Жыргалбек Алимбаевич Россия Федерациясынын жараны экендигин текшерүү, эгерде жараны болуп эсептелсе – кайсы мезгилден тартып, аны документтештирген органды көрсөтүү менен алган паспортунун номери.

2. Жаран Саматов Жыргалбек Алимбаевич 2015-жылдын октябрынан декабрына чейинки мезгил аралыгында Россиянын ФМКсына анын Россия Федерациясынын жарандыгы тууралуу суроо-талабы менен кайрылды беле?

3. Россиянын ФМКсынан жаран Саматов Жыргалбек Алимбаевичтин  анын Россия Федерациясынын жарандыгы тууралуу кайрылуусун карап чыгуу жөнүндөгү милициянын генерал-полковниги К. О. Ромодановскийдин наамынан 02.11.2015-ж. чыг.№ МС-4/3-83159 кат жөнөтүлгөндүгүн текшерүү.

Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасы 22.01.1993-жылдагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук мамилелер жана укуктук жардам жөнүндөгү Конвенцияга ылайык, кыргыз тараптын дарегине Россиянын ФМКсынын 16.03.2016-ж. №Мс-2/6-17771-р материалдарын жөнөткөн, анда төмөнкүлөр көрсөтүлгөн:

“1) Татарстан Республикасы боюнча ФМКБ маалыматы боюнча Киргизия ССРдин Ош облусунда 11.03.1973-жылы туулган Саматов Жыргалбек Алимбаевич Россия Федерациясынын жарандыгын, 28.03.1996-ж. Кыргыз Республикасына туруктуу жашоого келген Россия Федерациясынын жарандарынын жана Россия Федерациясына туруктуу жашоо үчүн келген Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарандыкты алуусунун, мурдагы жарандыгынан чыгуусунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ортосундагы Макулдашуунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн “а” пунктуна ылайык, Татарстан Республикасынын ИИМ УПВСинин 15.03.2001-ж. чечиминин негизинде алган.

19.07.2001-ж. Казань шаарынын Авиакурулуш районунун ИИБ тарабынан Ж.А. Саматов Россия Федерациясынын жаранынын паспорту менен документтештирилген.

2) Россия ФМКнын эсепке алуу кагаздарында текшерилип жаткан адамдын Россия Федерациясынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө арызы менен кайрылгандыгы тууралуу маалымат жок.

3) Россия Федерациясынын жарандыгы жок жөнүндөгү Россия ФМКнын жетекчиси К. О. Ромодановскийдин колу коюлган   маалымат Ж.А. Саматовдун  наамына берилген эмес. Россия ФМКсында көрсөтүлгөн катталган номер боюнча кат (02.11.2015-ж.чыг. № МС-4/3-83159) эсепте жок.”

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан 1993-жылдын 22-январындагы Жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук мамилелер жана укуктук жардам жөнүндө конвенциянын алкагында  аткарылган эл аралык тапшырманын материалдарын иликтеп жана алардын укуктук статусу жөнүндөгү маалыматты угуп чыгып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөнкүгө келди.

Жогоруда көрсөтүлгөн Конвенциянын 13-беренесине ылайык, Макулдашылган Тараптардын биринин аймагындагы расмий документтер катары каралган документтер, башка  Макулдашылган Тараптардын аймактарында расмий документердин далилдөө күчү катары колдонулат.

Ушундан улам, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынан 17.06.2016-ж. алынган расмий документтер Саматов Жыргалбек Алимбаевич 15.03.2001-жылдан тартып Россия Федерациясынын жараны экендигин айкын күбөлөндүрөт.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандары саясий мамлекеттик кызматты жана соттордун кызмат ордун ээлөөгө укуксуз.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 1-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы №145 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматтарынын реестринин 1-главасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын кызматы саясий мамлекеттик кызмат болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жөнөтүлгөн материалдардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52, 73-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18 - беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Республика – Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган  Саматов Жыргалбек Алимбаевичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Саматов Жыргалбек Алимбаевичтин күбөлүгү ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып жараксыз деп табылсын.

3. Саматов Жыргалбек Алимбаевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6-чакырылышындагы депутаты деп каттоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 7-декабрындагы № 193 токтомунун 5-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберилсин.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын. 

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                            Н.Шайлдабекова

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 8 – июлу

№  126