№149 Талас облусунун Талас районунун Долоно, Чүй облусунун Кемин районунун Алмалуу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 27-июнундагы № 134 токтому менен 2018-жылдын 16-июлуна дайындалган Талас облусунун Талас районунун Долоно айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 4-июлундагы № 140 токтому менен 2018-жылдын 18-июлуна дайындалган Чүй облусунун Кемин районунун Алмалуу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Талас жана Чүй аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас аймактык шайлоо комиссиясынын Долоно айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.1. Талас облусунун Талас районунун Долоно айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Талас облусунун Талас районунун Долоно айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Боркеев Өмүрбек Сырдыбаевич  табылсын.

2. Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын Алмалуу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

2.1. Чүй облусунун Кемин районунун Алмалуу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

2.2. Чүй облусунун Кемин районунун Алмалуу айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Шакиров Улан Бабекович табылсын.

3. Талас жана Чүй аймактык шайлоо комиссиялары шайланган башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Эшимовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2018-жылдын 23- июлу 
№ 149