№ 44 2016-жылдын 26-февралында өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-февралындагы № 26 токтому менен дайындалган Ош облусунун Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн башчысын 2016-жылдын 26-февралында өткөрүлгөн шайлоо боюнча Алай аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. 2016-жылдын 26-февралында өткөрүлгөн Ош облусунун Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Алай аймактык шайлоо комиссиясынын Корул айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Ош облусунун Алай районунун Корул айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Кадыров Анарбай Шамшиевич табылсын.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                            Т. АБДРАИМОВ 

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 1-марты

№ 44