24.04.2021 №122 2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай, Көк-Ирим, Каргалык жана Сары-Булуң айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжайлары тууралуу Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору

2021-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай, Көк-Ирим, Каргалык жана Сары-Булуң айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжайлары тууралуу Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жөнүндө

 

2021-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 21 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Атай, Көк-Ирим, Каргалык жана Сары-Булуң айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 14-апрелиндеги:

- Атай айылдык кеңешинин

- Көк-Ирим айылдык кеңешинин

- Каргалык айылдык кеңешинин

- Сары-Булуң айылдык кеңешинин

депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясы шайланган депутаттарды 3 күндүк мөөнөттө каттасын жана аларга ырастамаларды жана белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 24-апрели

№ 122