Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 23-июнундагы №22 Жарлыгы менен дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2014-жылдын 3-августунда өткөрүлгөн.
Шайлоону өткөрүү үчүн, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10,11-беренелерине ылайык Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 5шайлоо округу жана 5 шайлоо участогу түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-августундагы №104 токтомунун негизинде №8111 Майдан шайлоо участкасында добуштарды кайталап эсептөө жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча акт жана протокол түзүлгөн. Добуштарды кайталап эсептөөнүн жүрүшүнө жана жыйынтыгына карата арыздар даттануулар түшкөн эмес.
Кадамжай районундагы Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Майдан шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө келип түшкөн протоколдордун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 20-августундагы №104 токтомунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп табылсын.
2. Кадамжай районундагы Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо Майдан шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештин депутаттыгына тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер шайланган депутаттар деп табылсын.
4. Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 28-августу
№107
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
2014-жылдын 28-августундагы № 107 токтомуна тиркеме
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарынын тизмеси
Баткен облусу
Кадамжай району
Майдан айылдык кеңеши
«Каражыгач» 7 мандаттуу округу боюнча
|
№ |
Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты |
Шайлоочулардын талапкер үчүн берген добуштарынын саны |
|
|
Нурматов Абдулбаап Тешебаевич |
356 |
|
|
Нурматова Гулбаара Дыйканбаевна |
342 |
|
|
Кучканова Жанатхон Эсонбой кизи |
256 |
|
|
Калбаев Ысак Пазилидинович |
242 |
||
|
Нишанов Мурзали Базарбаевич |
240 |
||
|
Амизаев Жеңишбек Юсупович |
229 |
||
|
Шермаматов Мухаммедумар Рахматуллаевич |
220 |
«Майдан» 6 мандаттуу округу боюнча
|
Курмушуев Мурза Раимбердиевич |
262 |
|
Топчубаева Турсунай Жамшитовна |
261 |
|
Турсунов Ысак Сайфудинович |
243 |
|
Калыков Муратали Эркебаевич |
223 |
|
Калыков Козубай Абдуллаевич |
218 |
|
|
Турсунова Бермет Каримовна |
211 |
«Кароол» 2 мандаттуу округу боюнча
|
Абдукаримов Токтобай Чакабаевич |
184 |
|
|
Таиров Данияр Турдалиевич |
106 |
«Сары-Алтын» 3 мандаттуу округу боюнча
|
Исманкулов Сүймөнкул Мийманкулович |
174 |
|
|
Коноков Аттокур Ахунбаевич |
155 |
|
|
Мамасултанов Маматулла Абдилазизович |
108 |
“Исамариям” 3 мандаттуу округу боюнча
|
Нурматов Алтынбек Саитович |
342 |
|
|
Касымов Онорбай Арфидинович |
283 |
|
|
Нурматов Алмазбек Саитович |
280 |