18.02.2020 №49 Кызыл-Кыя, Тогуз-Торо жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын курамындарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кызыл-Кыя, Тогуз-Торо жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү Айтанова Арзыгул Абдимиталиповнанын, Камалов Тавакал Шарифджановичтин, Узакбеков Бектур Узакбековичтин, Болотбеков Чолпонбек Матыбековичтин комиссиялардын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облусунун Кызыл-Кыя аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Айтанова Арзыгул Абдимиталиповна, Камалов Тавакал Шарифджанович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шаймарданова Гузаль Шаймуратовна, Арзыбаев Маматали резервден комиссиянын курамына киргизилсин;

2. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Узакбеков Бектур Узакбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Жарбашов Алтынбек Турдубекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Нарын облусунун Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- «Ата Мекен» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Болотбеков Чолпонбек Матыбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Султанбекова Бурулбүбү Сулаймановна резервден комиссиянын курамына киргизилсин;

4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

         ТӨРАГА                                                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 18-февралы
№ 49