№481 Жалал-Абад облусунун Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү: А.А. Дыйканов, О.К.Абдуллаев комиссиясынын курамынан, Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 69 чечиминин негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад облусунун Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

  • “Республика” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Дыйканов Аслидин Абсатторович, “Кыргызстан  үй куруучулардын партиясы” Республикалык коомдук-саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдуллаев Олжобай Куламидинович, “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Зияев Ниязбек Исмайилович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бекмурзаев Турат Асилбекович, Нышанбаев Бактыбек Камчыбекович, Дуйшобаев Альмазбек Садирбекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  1. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С. Жумагуловго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 28-сентябрь
№ 481