19.05.2021 №238 Ноокат шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттан кийинки жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө Ноокат аймактык шайлоо ко
Ноокат шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты шайланган депутаттан кийинки жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы 2021-жылдын 18-майындагы Ноокат шаардык кеңешинин депутаты О.М. Султанованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттын «Аманат» саясий партиясынын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкер Г.У.Араповага өткөрүп берүү жөнүндө № 32 чечим кабыл алган.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 14, 18-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Султанова Одина Махамаджановнанын (№ 3, «Аманат» деп. фракциясы) ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандатты «Аманат» саясий партиясынын катталган тизмесиндеги шайланган депутаттардан кийинки талапкер Арапова Гульбара Ураимжановнага (№ 6) өткөрүп берүү боюнча 2021-жылдын 18-майындагы № 32 чечими бекитилсин.
2. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып О.М. Султанованын күбөлүгү анык эмес деп таанылсын.
- Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы Ноокат шаардык кеңешинин шайланган депутатын каттасын жана ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү жана төш белгини тапшырсын.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына жана Ноокат шаардык кеңешине жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Д
Бишкек ш., 2021-жылдын 19-майы
№ 238