№259 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Азимбек Анаркулович Бекназаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкер А.А. Бекназаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 1,2,3,4,5-бөлүктөрүн “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,19-пунктарын, 18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:
    


1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.А. Бекназаровдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:

1. Айтикеев Кенешбек Ороскулович; 
2. Абыкеев Чолпонбек;
3. Дуйшеев Кубанычбек Турдумамбетович;
4. Бузурманкулов Айбек Мырзакеримович;
5. Кошалиев Кадырали Амракулович;
6. Алымбаев Абдрахман Мырзагулович.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.А. Бекназаровдун катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бекитилген үлгүдөгү каттоо ырастамалар берилсин.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн. 


ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                        А. БЕКМАТОВ

Бишкек ш., 2017-жылдын 21-июлу

№259