БШКнын комиссиясынын “Баткен облусунун Лейлек районуна барып текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө” маалым каттын жана Баткен облустук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 12-февралындагы № 3 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 16-беренесинин 3-пунктуна, 10-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы № 133 токтому менен бекитилген “Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн убактылуу тартибинин” 1, 2-пунктарына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2004-жылдын 15-июнундагы № 15 токтому менен бекитилген “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча облустук, Бишкек, Ош шаардык комиссиялар жөнүндө жобонун” 2.11-пунктуна, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 30-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Баткен облустук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- “Туран” демократиялык партиясынан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Ысаков Мурзабек Сулейманович курамдан чыгарылсын;
- “Акыйкат” республикалык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Бабаева Уулкан Абдукаримовна республиканын чегинен тышкары кеткендигине байланыштуу комиссиянын резервинен чыгарылсын.
- “КСДП” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Нурмаматов Абибилла комиссиянын курамына резервден киргизилсин.
2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жарыялансын.
3. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш., 2011-жылдын 18-февралы
№ 8