Башкы УЧА Токтом 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин … 17.06.2021№ 488 2021-жылы 9,10,11,12-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура …

17.06.2021№ 488 2021-жылы 9,10,11,12-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Маймак, Кара-Буура, Ак-Чий, Чолпонбай, Көк-Сай жана Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу

№349 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө Об утверждении степени защиты специальной бумаги, имеющей индивидуальную защиту для изготовления избирательного бюллетеня по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №140 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №143 Об утверждении форм сведений о кандидате, включенном в список кандидатов, списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, выдвинутых политической партией по единому избирательному округу и перечня необходимых документов политической пар О Рабочей группе Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики по приему и проверке избирательных документов от политических партий от 10 августа 2010 года, №145 Об Общественной приемной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №146 Об определении банковского учреждения для открытия специального счета избирательного фонда политической партией от 10 августа 2010 года, №147 Об утверждении форм и образцов финансовых документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша нового созыва Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №148 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №149 Об утверледении сметы расходов на подготовку и проведение выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №150 Об утверждении Положения “О порядке деятельности, статусе и полномочиях международных (иностранных) наблюдателей на выборах в Кыргызской Республике” от 12 августа 2010 года, №151 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №152 О порядке аккредитации средств массовой информации Кыргызской Республики, участвующих в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №153 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 13 августа 2010 года, №155 О внесении изменений в состав Нарынской областной избирательной комиссии 14 августа 2010 года, №156 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 14 августа 2010 года, №157 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 16 августа 2010 года,№158 О внесении изменения в состав Иссык-Кульской областной избирательной комиссии от 17 августа 2010 года, №159 Об информационном обеспечении выборов от 17 августа 2010 года, №160 Об утверждении Порядка формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий от 17 августа 2010 года, №161 Об утверждении Положения «Об организации участия граждан Кыргызской Республики, проживающих или находящихся за пределами ее территории в выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года» от 17 августа 2010 года, №162 Об утверждении Инструкции о порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательных фондов политических партий от 17 августа 2010 года, №163 Об уполномоченных представителях политической партии «Алгыр Кыраан» от 18 августа 2010 года, №164 Об уполномоченных представителях политических партий «Партия народного самоуправления «Ак Санат» и Политической социалистической партии «Ата Мекен» от 18 августа 2010 года, №165 Об уполномоченном представителе политической партии Демократическая партия женщин и молодежи Кыргызстана «Новая сила» от 20 августа 2010 года, №166 О внесении изменения в состав Ошской областной избирательной комиссии от 23 августа 2010 года, №167 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 23 августа 2010 года, №168 Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» журнала УИК от 23 августа 2010 года, №169 О разъяснении по применению пункта 5 статьи 72 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №170 О разъяснении по применению пункта 3 статьи 25, пункта 1 статьи 69, статьи 70, пункта 3 статьи 72, пункта 3 статьи 77 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №171 О внесении изменений и дополнения в Инструкцию «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательного фонда политической партии» от 23 августа 2010 года, №172 О разъяснении об агитационных печатных материалах, значках и символах политической партии от 23 августа 2010 года, №173 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 24 августа 2010 года, №174 О внесении изменений и дополнений в «Порядок формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий» от 24 августа 2010 года, №175 О контрольно-ревизионной группе от 24 августа 2010 года, №176 Об уполномоченных представителях Демократической партии Женщин и Молодежи Кыргызстана «Новая Сила» от 25 августа 2010 года, №177 Об удостоверении международных (иностранных) наблюдателей на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 25 августа 2010 года, №178 Об уполномоченных представителях Республиканской политической партии Кыргызстана «Таза Коом» от 27 августа 2010 года, №179 Об образовании избирательных участков от 27 августа 2010 года, №180 О делегировании отдельных полномочий нижестоящим районным и городским избирательным комиссиям от 27 августа 2010 года, №181 Об изготовлении печатей вновь образованным избирательным участкам от 27 августа 2010 года, №182 Об уполномоченных представителях политических партий от 29 августа 2010 года, №183 Об образовании избирательных участков за пределами Кыргызской Республики от 1 сентября 2010 года, №184 Об уполномоченном представителе политической партии «Молодежное движение 7 апреля» от 1 сентября 2010 года, №185 Об уполномоченных представителях политических партий от 1 сентября 2010 года, №186 Об утверждении текстов вывески и календаря от 1 сентября 2010 года, №187 О внесении изменений и дополнений в Памятку о юридической ответственности за нарушения избирательных прав от 1 сентября 2010 года, №188 О регистрации списка кандидатов от политической социалистической партии “Ата Мекен” от 2 сентября 2010 года, №189 О регистрации списка кандидатов от идеалистической демократической политической партии “Ата Журт” от 2 сентября 2010 года, №190 О прекращении полномочий уполномоченных представителей политических партий от 2 сентября 2010 года, №191

2021-жылы 9,10,11,12-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Маймак, Кара-Буура, Ак-Чий, Чолпонбай, Көк-Сай жана Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 9,10,11,12-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын  25-майындагы № 312 токтому менен дайындалган Талас облусунун Кара-Буура районунун Маймак, Кара-Буура, Ак-Чий, Чолпонбай, Көк-Сай жана Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Маймак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Ниязалиева Алима Бакузеевна - Маймак айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.

Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Маймак айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын ичинен 9 депутаты катышып, А.Б. Ниязалиевага – 9 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Ниязалиева Алима Бакузеевна Маймак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 5 талапкер – Бекетаев Дастан Сатымбекович, Итыбаев азамат Олжобаевич, Нарбеков Мирадил Онолбекович, Атакеев Исламбек Таласбекович, Тыналиев Нурпаис Бейшеналиевич – Кара-Буура айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.

Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Кара-Буура айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, 1 турда: Д.С. Бекетаевге – 6 добуш, А.О. Итыбаевге 7 добуш, М.О. Нарбековго – 1 добуш, И.Т. Атакеевге -5 добуш, Н.Б. Тыналиев – 2 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш, 2 турда: Д.С. Бекетаевге – 11 добуш, А.О. Итыбаевге – 9 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш,  берилгендиги белгиленген.

Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Бекетаев Дастан Сатымбекович Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Кемелбек уулу Максат, Молдокулов Мурат Джакшимбекович, Шайымкулов Курманбек Ниязбекович – Ак-Чий айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.

Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Ак-Чий айылдык кеңешиндеги 11 депутаты катышып, 1 турда: Кемелбек уулу М. – 5 добуш, М.Дж.Молдокуловго – 0 добуш, К.Н. Шайымкуловго – 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 5 добуш, 2 турда: Кемелбек уулу М – 6 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 5 добуш берилгендиги белгиленген.

Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Кемелбек уулу Максат Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Маткеримов Айдар Сыйдабекович, Айталиев Туран Максутович - Чолпонбай айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.

Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Чолпонбай айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, А.С. Маткеримовго – 9 добуш, Т.М. Айталиевге – 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Айталиев Туран Максутович Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Стамкулов Болот Музулумович – Көк-Сай айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.

Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Көк-Сай айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, Б.М. Стамкуловго – 21 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Стамкулов Болот Музулумович Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Мураталиева Бакытгул Молдалиевна - Аманбаев айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.

Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Аманбаев айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, Б.М. Мураталиева – 19 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына –1 добуш берилгендиги белгиленген.

Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Мураталиева Бакытгул Молдалиевна Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Талас облусунун Кара-Буура районунун Маймак, Кара-Буура, Ак-Чий, Чолпонбай, Көк-Сай жана Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 9, 10, 11, 12-июнундагы Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын Маймак, Кара-Буура, Ак-Чий, Чолпонбай, Көк-Сай жана Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Талас облусунун Кара-Буура районунун 2021-жылдын 9-июнунда өткөрүлгөн Маймак айыл өкмөтүнүн, 2021-жылдын 10-июнунда өткөрүлгөн                  Кара-Буура айыл өкмөтүнүн, 2021-жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн Ак-Чий жана Чолпонбаев айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылдын 12-июнунда өткөрүлгөн Көк-Сай жана Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 9, 10, 11, 12-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Талас облусунун Кара-Буура районунун Маймак, Кара-Буура, Ак-Чий, Чолпонбай, Көк-Сай жана Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Ниязалиева Алима Бакузеевна Талас облусунун Кара-Буура районунун Маймак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Бекетаев Дастан Сатымбекович Талас облусунун Кара-Буура районунун Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Кемелбек уулу Максат Талас облусунун Кара-Буура районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.5. Айталиев Туран Максутович Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.6. Стамкулов Болот Музулумович Талас облусунун Кара-Буура районунун Көк-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.7. Мураталиева Бакытгул Молдалиевна Талас облусунун Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Маймак, Кара-Буура, Ак-Чий, Чолпонбай, Көк-Сай жана Аманбаев айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 17-июну

№ 488